Жүрөктүн түзүлүшү жана кызматы

Жүрөктүн түзүлүшү жана кызматы.

Жүрөктүн ишемиялык ооруусу жөнүндөо сөз кылаардан мурда, анын кишинин кайсы жеринде жайгашканын, көлөмүн же массасын, түзүлүшүн жана функцияларын айта кетели. Медицинада органдардын кайсы жерде жайгашканын анатомиянын негизинде үйрөтүүчү илимди – топография дейт. Жүрөктүн топографиясы төмөнкүдөй: Жүрөк ассиметриялык түрдө көкүрөк көңдөйүндөгү көкүрөктүн артында, сол жакка көбүрөөк ыкташып, VI-чы жана VIII-чи көкүрөктүн төш сөөктөрүнүн арасында жайгашкан.. Жүрөктүн жогору тарабы алдыңкы кабырга сөөктөрүнүн III-чү жетип барса, оң тарабы төш сөөктүн III жана V кабыргаларына такалса, сол тарабынын жогору тарабы III кабырга жетсе, ылдыйкы тарабы V кабырга сөөктөрү менен чектешип турат.  Жүрөк кээ бир кишилерде вертикалыраак ыкташса, кээ бирлерде горизанталыраак жайгашып калат.

Жүрөктүн узундугу 12-13 см. туурасы 10 см. калыңдыгы 7 см келет. Формасы конус түрүндө болуп,   салмагы эркек кишиде орт. 300 г  болсо, аял кишиде 270 г. болот. Жүрөк минута да эмес, секунда да эмес, андан да кичирээк эпептеп чыкканда да дем алуусуз, тынымсыз иштеген орган. Жүрөктүн кубаттуулугун сөз кыла турган болсок, таң калыштуу кызматын учуратабыз. Орточо эсеп айтканда 1 секундада 0,1 л. канды айдаса, анда 1 мин. 6 л., ал эми 1 саатта 360 л. айдаса, суткасына 8460 л. айдайт. 1 жылда 3000 000 млн. литр канды айдайт экен. Салмагын 300 г. экенин эске алганда, мындай кубаттуу органды жаратып, иштетип койгон жаратуучу Аллахтын кудретине таң каласың.

Жүрөктүн үстүңкү бөлүгүндө оң жана сол дүлөйчөлөр орун алып, ылдыйында жүрөктун оң жана сол карынчалары менен өз ара атайын көзөнөкчөлөр – он тарап 3 тиркеп-жаап (створчатый), сол тарап 2 тиркеп-жаап (створчатый) клапандар аркылуу байланышып турат. Ушул клапандардын тарамыш сыяктуу жипчеси карынчага барып бириккендиктен, клапандар ачылганда бир багыттуу карынча тарапка гана ачылып, кайра жабылып турат. Оң карынчадан өпкө артериясына, ал эми сол карынчадан чоң аорталык кан тамыр аркылуу чоң кан айланууу системасына кан кетет. Оң карынчадан чыккан канды кайра жүрөккө түшүп калуусуна жол бербеген өпкө клапаны, ал эми сол карынчадан чыккан – аорталык клапан деп атайт.

Жүрөк – гистологиялык структурасы боюнча – бириктиргич ткандар деп аталган ткандан куралган – сумка түрүндө – перикардитке отургузулган. Жүрөктүн булчуң эти сырты – мезотелиалдык клеткалардан турган эпикардт, туурасынан кеткен (попоречнополосатый) жана бүдүрлүү (рыхлый) бириктиргич ткандардан, кан тамырлардан жана нервдерден турган ортосун- миокард, ички бөлүгү бириктиргич, эндотелий жана эпителий ткандардан турган - эндокардт деп аталган бөлүктөн турат.

Мы в социальных сетях


Подписаться на обновления: новинки, акции


Способы оплаты