Жоон ичегинин рагы жөнүндө сөз.

Жоон ичегинин рагы жөнүндө сөз.

Биз жоон ичегенин рагына 9 жылдан бери дарылоо жүргүзөбүз. Бул жылдар ичинде көптөгөн бейтаптарды жаңыдан өмүр тартуулап, аларга онкопроктолог-хирургдардын операция жасатып, холостома орнотуусуна жеткирбей, алардын химиялык курстан жана лучевой терапиянын азаптуу дарылануусунан да сактап калдык. Биздин мээнеттин баасын, бул ооруудан жабыр тарткандар гана тушүнөт. Ал эми бул оорууну учуратпагандар үчүн кандайдыр бир фантастикалык окуялар катары кабыл алынып,алардын мээсинде отурукташпайт, кулагынан сырткары калат.

Акыркы жылдары мага келген пациенттердин 3/1 бөлүгү жоон ичегини колитинен, спайкасынан, дискензиясынан, колонопаптозунан жапа чеккендер көбүрөөк түзүп жатат. Ушул постто аталган ооруулардын диагностикасы жана дарылоосу проктология кандай мамиле жасалып жатканын айта кетүүнү эп көрдүм.

Эгерде шарттуу түрдө аталган оорууларды “воспаление” катары атап турайлы. Аввалан бар жоон ичегенин колити, колонопаптозу, дискензиясы же спайкасы болобу – баарынын тең проктологияда дарылоонун зарыл болгон терапиялык дарылоонун протоколу жок. Официалдуу медицинанын так мына ушул абалын, бизден башка эч ким билбейт. Ошондуктан, аталган ооруулар курч абалга келгенде, хирургдар “сенин жоон ичегиң узарып кетиптир” -деп, жоон ичегенин кайсы бир бөлүгүн кесип салышат. Чынында, жоон ичеги эч качан, эч бир шартта, эч бир абалда узарып кетпейт. Бул абалды да бизден башка эч ким билбейт. Аны айтсаң, эч ким ишенбейт. Жоон ичегенин колитине, колопоптозуна, айрыкча дискензиясы же спайкасына учураган кишиде – жоон ичегенин рагы өсүп жаткан болот. Келген бейтапты ирригоскопияга түшүрүп, анын рентген снимкасы аркылуу жоон ичегенин кайсы бөлүгү, эмнеден жабыркап жатканын түшүндүрүп берип, аны онкологияга барып колоноскопиядан текшерил -деп жөнөтсөң, андан рактын өсүп жатканы аныкталбайт. Биз менен бейтаптын ортосундагы түшүнбөстүк же чатак – мына ушул жерден башталат. Проктолог врачтар, анын ичинде пациенттер да – жоон ичегини текшерүүдө врач видео аркылуу визуалдык көрүүдөн өткөрүп, опухолдун өсүп жатканын байкабай кала турганына эч ким шектенбейт. Анын себеби, опухол же шишик жоон ичегиде ачык жара түрүндө болсо гана көзгө көрүнүп, жара түрүндо болбосо, визуалный көрүнбөй калаарын – айта кетели. Мына ушул абалды жоон ичегенин дартына чалдыккандарга, айрыкча врачтарга айта кетейин. Андан сырткары рентген снимканы көңүл буруп караса, шектенип жаткан шишик же рак жоон ичегенин кайсы бөлүгүндө локализация болуп, жоон ичегиге анатомиялык структуралык өзгөрүү бергенин билсе болот. Ошол эле учурда жоон ичегенин кайсы бөлүгүндө лимфаденопатия жүрүп жатканын, ал кайсы органды жабыркатып жатканын да билүүгө болот.

Урматтуу врачтар, айрыкча функционалдык диагностикада отургандар жана проктологдор!!! Силердин билгениңерден биле элегиңер көп. Медицина илими бир орунда отуруп калбайт. Бул илим ушул күнгө чейин өнүгүп келеген, азыр да дүркүрөп өнүгүүдө. Болгону силер билимиңерди өркүндөтүүнүн ордуна, акылыңар алдым-жуттумга байланып калган. Силер инсап менен ыйманга келип, жок эле дегенде жоон ичегенин диагностикасын коюунун методологиясынын үстүнөн иштеп, аны өркүндөтүп, системага киргизүүнү сунуш кылгыла. Эмне үчүн айтып жатамын. Мамлекеттик бийлик жана эл-журт ХАШИМ ТАБЫБКА ИШЕНБЕЙТ, СИЛЕРГЕ ишенет. ХАШИМ ТАБЫБТАН эч нерсени үмүт кылбайт, СИЛЕРДЕН үмүт кылат.   

Эгерде диагностикагнын жаңы методологиясы кирсе, Кыргызстанда эле 100 гөн эмес, 1000 ген бейтаптардын хирургиялык операциядан жана химия терапиядан сактап, аларга жаңы өмүр тартууланат. Ал эми чет өлкөлөрдө кадыр-баркыңар көтөрүлөт.

Силерди урматтоо менен  Хашим табыб.

10-июль 2022 жыл.

Мы в социальных сетях


Подписаться на обновления: новинки, акции


Способы оплаты