Ичке жана жоон ичегелердин ооруулары.
Ичке жана жоон ичеги ооруулары.
Кишинин ичке ичегесинин бүтөөр жеринде (дистальный бөлүгү) жамбаш сөөккө такалган жеринде ичти бураган, анча-мынча температура (39С) ка чейин көтөргөн, кээде көңүл айлантып кустурууну пайда кылган ооруу ичке ичегенин ооруусун -ИЛЕИТ деп аталат. Кээде оң буттун тизеге чейин оорууганы билинет.
ИЛеит ооруусу кеңири таркалган, келип чыгышы көбүнчө – инфекциялык мүнөздү алып жүрөт. Бул оорууга көбүрөөк 20дан 40 жашка чейинкилер чалдыккан, ичеги -карын оорууларынын 7% жакынын түзөт.
Оорунун этиологиясы. Илеит ооруусун ичке ичегиде отурукташкан бактериялардан сальмонелла, ичеги таякчасы жана стафилококк, вирустардан ротавирустар жана энтеровирустар козгосо, козу карындардан кандидалар, курттардан лямбида, кээде жумуру курттар, анын ичинде аскарида да козгоп чыгат.
Бул ооруудан өз убагында дарыланбаса, бейтапта авитаминоздун, остема жана остеопароздун күчөп кетүүсү, эгерде оорууну алтын сымал стафилококк козгоп чыкса, анда илеиттин рагы менен көр ичегенин рагы пайда болот.
Диагностикасы. Ач карынга тамактан алтын сымал стафилококк жана шарттуу – патогендик микрофлорага мазок, калдан патогендик микрофлорага микробиологиялык анализ, кандан гельмиттердин тукумуна анализдер жана курч жана өнөкөттүк антителолор тапшыруу талап кылынат. Ооруунун канчалык курчуганын – ирригоскопия аркылуу аныктап алууга болот.
Медицинада – бул оорууну гастроэнтеролог же инфекционист врач карайт.
Дарылоо протоколу – витаминдик, антибактериалдык жана инфузиялык эритмелерди ички вена аркылуу жасоо менен чектелет.
Колит – жоон ичегинен шамалдап калганын айтылат. Колит келип чыгышы боюнча инфекциялык, ишемиялык жана дары-дармектер аркылуу пайда болгон белгилүү.
Колитке учураган кишиде ичтин көпкөнү, буулушу, желдин көп келүүсү, ичтин катуусу, ичтин дискомфорт болуусу ж.б. синдромдорду берет.
Ошону менен катар эле курсакта мезгил-мезгили менен ооруп, эки капталдан жогору карай тепкендей ооруу болот. Кээде кишиге туалетке чакыргандай болуп, туалетке барганда ак түстөгү ириң түшөт. Эгерде колит жоон ичегенин башталышында, аппендиксти кошо камтыса, анда курсакты бураган катуу ооруу берет
Колитти көбүнө козу карындардын аскомициттер классына кирген түрлөрү, бактериялардан сальмонелла, шигель, ичеги таякачы, дизентерия, микобактериоз, кээде туберкулез козгоп чыкса, химикаттардан сымаптын буусу менен дем алгандар, фосфордун кошулмалары, мышьяктын туздары ж.б. козгойт. Ошондой эле кээде аминогликозиддер, антибиотиктер, оорууну басаңдаткычтар кармаган дарысо
Колонопаптоз. Жоон ичегенин ободочной бөлүгүнүн өз ордунда болбой, ылдыйлап кетүүсүн айтылат. Ылдыйлаган учурда табарсыкка чейин жетип, кээде оң тарабы болсо, кээде сол тарабы,кээде эки тарап тең ылдыйлап кетет. Жоон ичегенин ободочной бөлүгүнүн ылдыйлап кетүүсү ашказан ылдыйлагандан, жоон ичегиде каловой массанын дайыма катыган түрдө кармалганда, семирип кетүүдөн ж.б. себебтерден улам болот.
Бул ооруунун кесепетинен бейтапта мезгил-мезгили менен кусуп калуу, көңүл айлануу, баш ооруу, аялдардагы менстрациялык циклдин бузулуусу жана катуу ооруунун симптому менен келүүсү, миома, эркектердин простатинин күчөшү, бутта варикоздун күчөшү ж.б. симптомдор жана клиникалык ооруулар менен коштолот.
Долихосигма – жоон ичегенин сигмоиддик бөлүгүнүн жана анын брыжейкаларынын узаруусунун кесепетинен мотордук кыймылдуулугунун төмөндөшү, ичтин катуусунун күчөткөн ооруунун түрү
Дивертикул – бул жоон ичегенин сероздук катмарынан ткань өсүп чыгып, ал чоң түйүн пайда кылган ооруу. Бул тубаса болуп кала турган учуру да бар, жашоодо өсүп чыккан түру да бар. Эгерде дивертикул жоон ичегенин “восходящий” же башталыш бөлүгүндө орун алса, боорду оң тараптан кысып, курсактын оң тарабы шишип чыгат. Эгерде дивертикуль поперчно-ободочной (туурасынан кеслиш бөлүгүндө) орун алса, анда боордун, өттүн жана уйку безинин протокторун (зил жолун) тосуп калып, бейтаптын денесинде жана терисинде билирубиндин каптап кетүү коркунучу болот. Бул оорууну билирубиндик цирроз деп аташат. Эгерде жоон ичегенин көк боорго жалгашкан жеринен өссө, анад хирургдар көк боорду алып салат. Жоон ичегенин ылдыйлаган бөлүгүндө өссө, көпчүлүк учурда сол бөйрөктү ракка учуратат. Эгерде дивертикул жоон ичегенин сигмоиддик бөлүгүндө өссө, анда сол бутка кеткен жана кайткан артерия-веналык дуганы кысып, бут тараптын шишип кетүүсүнө жана отекуна чакырат.