Элдик медицинанын мыйзам долбоору

“Кыргыз элдик медицинасыны кайра жаратуу, коргоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү”мыйзамы.

   

 I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-берене. Мыйзамдын преамбуласы жана жөнгө салуучу предмети.

1. Бул мыйзам Кыргызстанда Элдик медицинанын укуктук негизде жөнгө салып, анын өнүгүүсүнө шарт түзөт, аны мамлекет тараптан коргоого алып,бул багыттагы коомдук социалдык мамилерди тартипке салат, улуттук салтуу маданиятытын, элдик медицинанын кайра жаралуусуна, улуттук салттуу маданияттын, элдик медицинанын кайра жаралуусуна, илимий негизде калыптануусуна жол ачат жана ал аркылуу өлкөдө улуттук генефонддун, ден соолуктун корголуусуна, бекемделүүсү камсыздалат.

2. Мыйзамда Кыргыз Республикасынын атуулдарынын ден соолугун чыңдоону жана ооруулуу кишини дарылоону жана  өмүрүнүн коргоону -коомдогу эң жогору турган баалуулук катары каралат. Бул эң башкы баалуулукту иш жүзүнө ашыруу максатында элдик медицинаны саламаттык сактоо тармагынын ажырагыс бөлүгү катары карап, медицинаны толуктап, аны өнүктүрүүнүн тарыхый, табигый булагы катары каралат.

 2-берене. Мыйзамда колдонулчу негизги терминдер, ачкыч түшүнүктөр.

1. Элдик медицина – медицинадагы диагноз коюу, ооруунун алдын алуу, оорууну дарылоо, дарылоодон кийинки организмди калыбына келтирүү ыкмалары жана дары жасоо жана пайдалануунун эл тарабынан иштелип чыккан багыты.

2. Элдик медицинанын субъектилери же адистери- булар элдик медицина боюнча билими, илими, табигый касиети, өнөрү бар, салттуу дарылоону, давалоону, таза табигый дары-дармек жасоо жана чыгарууну билген инсандар, физикалык жана юридикалык жактар. Элдик медицинадагы илим-изилдөөнүн Улуттук институту тарабынан бериле турган элдик медицинадагы эң кадыр-барктуу наам.

3. Элдик медицинанын субъектилеринин классификациясы. Бул термин аркылуу Элдик медицина адистериэлдик медицина боюнча терең билимге, кесипкөйлүккө, этикалык нормаларды сактоого ж.б. баалуулуктарга чакыруу максатында кадыр-баркын жана элдин ишенимин артырууну көздөп - категорияларга жана иерархия бөлүнөт.

4. Элдик медицинанын Улуттук илим-изилдөө институту (ЭМУИИИ)-бул элдик  медицина тармагын башкаруучу, жетектөөчү, тармакта мамлекеттик мыйзамдардын жана ушул мыйзамдардын аткарылуусун тескөөчү жоопкерчиликти өзүнө алган – башкы субъект.

5. Элдик медицинанын тармактары – бул өзүнүн тарыхый, табигый, коомдук кесиптик укук-милдеттерин аткарууда элдик медицина: эмдөө медицинасы, тамыр кармоо менен диагноз коюлуп, табигый натуралдык жана дары чөптөр менен дарылоонун улуттук медицинасы, табигый сырьелордон жана дары-чөптөрдон дары-дармек өндүрүүнүн медицинасы, сунний (дары чөптөрдү пайдалануу, дем салуу, зикир, ж.б. жан рухту тазалоо), чыгыш тибет медицинасы, кытай жана индия медицинасы, уйгур, өзбек ж.б. улуттарждын медицинасы, медиатация-сүкүт медицинасы, психикасы бузулгандар, стресс алгандарды дарылоонун медицинасы, өнөкөт оорууларды жана медициналык дарылануудан кийинки оор оорулар дарылоонун паллиативдик медицинасы, ооруну алдын алуу, ооруларды дарылоо, оорудан кийин ден соолукту калыбына келтирүү ж.б. элдик медициналарын камтыйт.

6. Элдик медицина этикасы- Элдик медицинанын субъектилери, кызматкерлери менен бейтаптар, коом жана мамлекет ортосундагы мамилердин; ыйык курандагы аяттарга, пайгамбарыбыз Мухаммед с.а.в.хадистерине амал кылынып, ушул мыйзамдын жана этика боюнча эл аралык кабыл алынган нормалардын жыйындысы.

7. Элдик медицина диагностикасы. Элдик медицинанын табыбтары кан тамырдагы пульс аркылуу, бейтаптын денесини кармоо аркылуу, бейтаптын өңү түсү, сийидиги жана калы аркылуу, жараларды көздөн өткөрүү аркылуу, кандын, сийдиктин, калдын лабораториялык анализдөө, электрокардиограмма, ультра үндөр маалыматы, магниттик резонанстык жана компьютердик диагностика ж.б. жаңы технологиялар колдонуу менен аныктоосу.

8. Элдик медицинанын стандартары – бул Элдик медицинанын субъектилерин жөнөкөйлөштүрүлгөн “тар чөйрөдө” жана “аз санда” системасынын иш жүргүзүусүнүн нормативдик-техникалык регламентин иштеп чыгуу менен бирдей стандаштырууга жана метрологияга жеткирүү.

9. Элдик медицинанын дарылоо протоколу. Элдик медицина субъектилеринин бейтаптардын ооруусун алдын алууда, диагностикасында, дарылоодо, дарылануудан кийинки организмди калыбына келтирүүдө, организмди чыңдоодо колдоно турган жараянын (процессин) камтыган медициналык мүнөздөгү юридикалык документ.

10. Элдик медицинанын дарылоо ыкмасы (процедурасы). Элдик медицинада оорууну алдын алууда, дарылоодо, организмдин иштөөсүн жакшыртууда жана калыбына келтирүү пайдалана турган ыкмасы же усулу.

11. Элдик медицинада паллиативдик жардам берүү жана хосписи. Элдик медицина адисинин, кызматкеринин медициналык жардамга муктаж болгон бейтапка, айрыкча онкологиялык оорууларга стационардык дарылоодон өткөндөн кийинки медициналык кызматы жана аларды үй шартында камкордукка алуу.

12. Табигый пайдалуу каражаттар. Элдик медицинадагы табыбтык  дары -дармек жасоодогу органикалык жана минералдык табигый заттар жана алгачкы сырье.

13. Дары чөптөр. Элдик медицина бейтаптарды дарылоодо жана дары-дармек жасоодо жасоодо колдонуусу баштапкы өсүмдүктүн сырьесу, курамында кишинин ден соолугуна таасир этүүчү заттарды кармайт.

15. Табып – колдун же башка органдын кан тамырындагы жүрөктүн пульсу аркылуу тубаса интуиция аркылуу кишидеги  оорууну сезүүчү жан аныктаган, жана аныкталган оорууну кантип дарылаганды билген – киши.

16. Элдик табыб – ЭМУИИИ тарабынан кесипкөй адис дарыгерлерге бериле турганкадыр-барктуу наам.

 17. Табыбтын рецепи. Дары даярдоонун, сактоонун жана аны пайдалануунун, ошондой эле дартты аныктоонун, дарылоонун методдору жана процедуралары жазылган иш кагазы.

18. Элдик медицинанын субъектилерини жекече өзгөчөлүгү жана профили. Элдик медицинанын жекече инсандык сыпатынын, жөндөмдүүлүгүнүн,  талантынын жана кесипкөйлүгүнүн негизинде элдик медицинада кызмат көрсөтүүнүн диапозону.

19. Аккредитация – элдик медицинанын өкүлдөрүнүн жекече өзгөчөлүгүнүн медициналык кызмат көрсөтүүдө зарыл болгон медициналык билимин, жөндөмдүүлүгүн, талантын, кесипкөйлүгүн аныктаган юридикалык мүнөзгө ээ болгон иш-чаралар. Ошондой эле дары-дармек өндүрүүдө, сатууда жана колдонууда зарыл болгон техникалык шарттарды, санитардык талаптарды карай турган иш-чаралар.

20. Аккредатор- элдик медицинада “тар чөйрөдө” медициналык кызмат көрсөтүүдө жана “аз санда” продукция чыгарууга даярдыгын жана шартын текшерүүчү, ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуучу кызмат.

21. Үзгүлтүксүз медициналык билимди өркүндөтүү – элдик медицинанын өкүлдөрүн билимин тынымсыз өркүндөтүу максатында расмий иштей турган агартуучу структура.

22. Окумуштуулар Кеңеши-элдик медицина өкүлдөрүнүн ишкердүүлүгүн координациялай турган, ишкердүүлүгүн жакшыртуу жана өнүктүрүү пландарын иштеп чыга турган, аккредитациялык кеңештин чечимдерин беките турган – структура.

23. Элдик медицинадагы  дары-дармектерди өндүрүү ишкердиги. Элдик медицинада дары-дармек өндүрүү ишкердиги-бул дары-дармек өндүрүүчү сырьену сактоо, өндүрүү, жасоо, маркировка кылуу, сертификациялоо, продукцияны сактоо, сатуу, пайдалануу убактысы өтүп кеткен учурда, аны жок кылууну камтыган процесс аталат.

24. Апитотерапия

 3-берене. Ушул мыйзамдын укуктук базалар:

1) Кыргыз Республкасыны 2021 жылы кабыл алынган Конститутциясы, ушул мыйзам менен кошо иштеп жаткан мыйзамдар, укуктук нормативдик актылар,

2) 1948 жылы 10 декабрында Бириккен Улуттар Уюму Генералдык Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган адам укугунун жана эркиндиктеринин декларациясы.

3) 1946 жылы кабыл алынган медицинанын этикасы жөнүндө Нюренберг актысы,

4) 1975 жылы жана андан кийинки жылдары кабыл алынган медицинанын этикасы боюнча Хельсински корутунду актылары.

5) 1999-2005 жылдардагы жана 2014-2023 жылдардагы Элдик медицинанын Саламаттык Сактоо тармагына интеграция жана иштөөсүн камсыз кылуу боюнча Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун кабыл алган программалары.

II. ЭЛДИК МЕДИЦИНА БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТ

4-берене. Элдик медицина тармагынын жоопкерчиликтүү милдеттери:

1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагы менен ырааттуу интеграцияланып, коомдук турмушта  өз ордун таап, улутттук генофондун таза сакталышына, ден соолуктун камсыз кылууга кошумча салым кошуу.

2) Ушул мыйзам элдик медицинанын укуктук-нормативдик актыларын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасында кабыл алынган мыйзамдарга шайкеш келүүсүн камсыздалуусу менен кошо менчиктин түрүнө карабастан аткарылуусун милдеттендирет.

3) Ушул мыйзам элдик медицинаны укуктук тараптан корголуусун, түздөн-түз мыйзам алдында жоопкерчиликтүүлүгүн милдеттендирип, коомдун жана мамлекеттин алдындагы элдин ден соолугу үчүн жоопкерчилик тартат.

4) элдик медицина өкүлдөрүнүн ар бирини жекече адистештирилген кесипкөйлүккө жеткирип, алардын ишмердүүлүгүн мыйзам талаасына салып, элдин ден соолугу үчүн кам көрүү.

5- берене. Элдик медицина боюнча мамлекеттик саясаттын принциптери:

1) Мамлекет - элдик медицина тармагын элдин ден соолугун коргоодо жана жакшыртууда мамлекеттик саламаттык сактоонун кошумча бөлүгү – деп тааныйт.

 2)  Мамлекет-элдик медицинаны иштеп жаткан расмий медицина менен катар эле укуктук, экономикалык жана социалдык статусту берет

3) Мамлекет элдик медицина тармагын атуулдарын ден соолугун сактоодо жана жакшыртууда оорууну алдын алуу, дарты аныктоодо, дарылоодо, дарылангандан кийинки ден соолукту калыбына келтирүүдө жана чыңдоодо толук кандуу иштөөсүн камсыздаган чараларды көрөт.

 4) Мамлекет өз атуулдарынын ден соолугун каратуу, дарылануу, жакшыртуу жана оңдоо үчүн тандоо укугун камсыздайт. Элдик медицинаны иштеп жаткан официалдуу медицина менен укуктук, социалдык ж.б. статусун бирдей ыйгарат.

5) Мамлекет элдик медицина тармагынын ишмердүүлүгүн жолго коюу үчүн мамлекет өкмөттүк структураларга мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгууну, элдик медицина өкүлдөрүнүн медициналык кызмат көрсөтүүсүнүн укуктук нормативдик актыларын, эрежелерин, коопсуздугун жана терапиялык натыйжалуулугун аныктоочу критерийлерди, “продукция” өндүрүү шарттары, руксат берүү жана сертификациялоо, сактоо, сатуу, мөөнөтү өткөн продукцияларды жок кылуунун укуктук базасын камсыздайт.

6) Мамлекет Элди дары-дармектер менен камсыздоону жакшыртуу максатында, элдик медицинанын өкүлдөрүнүн “продукциясын” дары-дармектердин рыногунда сатылуусун  ушул мыйзамдын негизинде ишке ашырат.

7) Мамлекет Элдик медицинанын чыгарып жаткан “продукцияларын” өндүрүүгө руксат берүүнүн “аз санда” жөнөкөйлөштүргөн схемасын иштеп чыгып, анын сапатын жана коопсуздук аныктоочу стандарттык нормативдик -укуктук базасын иштеп чыгууну камсыздоого ЭМУИИИ жардамдашат.

8) Мамлекет Элдик медицинанын укуктук нормативдик базасы калыптанып, өткөөл мезгил бүткөнгө чейин элдик медицинанын жетишпестиктерине, кемчилигине мамлекет түшүнүү менен мамиле кылат.

9) Мамлекет элдик медицинанын субъектилерин медициналык кызмат көрсөтүусүн жана “продукция” чыгаруусун мыйзамдаштыруу, сапатын көтөрүү, элдин дары-дармекке болгон муктаждыгын камсыздандыруу максатында ЭМУИИИ токсикоздук заттарды аныктоо, клиникалык сыноолорго чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүчү лабораториялар менен камсыздайт.

10) Мамлекет ЭМУИИИ клиникалык сыноолорду жүргүзүүчү борборлорду уюштурууга жана ишке ашырууга ар тараптан жардам берет.

11) Мамлекет элдик медицина өкүлдөрүнүн ишкердүүлүгүн бейтаптарга жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана ачык болуусун максатында тармактын бирдиктүү информациялык мейкиндикте  (санариптештирүү) иштөөсүн камсыз кылат.

6-берене. Мамлекет натуралдык минералдарга, органикалык заттарга, жаныбарлардын жана өсүмдүктүк чийки заттарга ар жыл сайын квота бөлөт:

1) элдик медицинанын субъектилеринин табыбчылык кызмат кылууда жана “продукция” чыгарууда муктаж болгон, табигый баштапкы чийки заттарга Өкмөттүк ведомостволор аркылуу ар жылдык квота берет.

2) Мамлекеттик квотага мыйзам менен корголуп жаткан жана “Кызыл китептеги” табигый минералдык жана органикалык заттар, жаныбарлар жана өсүмдүктөрдөн турган чийки заттар кирет.

3) мамлекеттик коргоодо жана кызыл китепте катталган жаныбарлардын жана дары чөптөрдүн, натуралдык дары жана минералдык сырьелордун ж.б. пайдалануу үчүн бул жааттагы мыйзам актыларына өзгөртүу киргизет

7-берене. Элдик медицина боюнча мамлекттик стратегиялык саясат.

1) Элдик медицинанын атуулдарынын ден соолугун коргоодо жана жакшыртууда Саламаттык сактоо системасында өз ордун табууда жана интеграция болуусу үчүн мамлекеттик ырааттуу жана максатуу саясат жүргүзөт.

2) Элдик медицинанын дүйнөлүк медицинага интеграция жетишүүсүнө, иштелип чыккан стандарттардын жана метрологиялык өлчөөлөрдүн, укуктук, нормативдик-техникалык актыларынын таанытуу саясатын жүргүзөт, алардын дүйнөлүк информациялык түйүндөрдө ордун ээлөөсүнө жардамдашат.

3) Элдик медицинаны элдин муктаждыктарына жана керектөөсүнө жараша өнүктүрүп, анын саламаттык сактоо системасына толук интеграция болуп кетүүсү үчүн менчиктин түрүнө карабастан толук официалдуу медицина менен бирдей шарт түзүү.

 4) Элдик медицинанын мамлекеттик гарантияланган медициналык акысыз кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик, муниципиалдык жана жеке менчик түрлөрунө катышуусун камсыздоо.

5) Элдик медицинанын маселерин жана көйгөйлөрүн чечүүдө жалпы элдик массанын катышуусун камсыздоо.

6) Элдик медицинанын саламаттык сактоо тармагына интеграцияланып өз ордун табуусуна жетишүү үчүн мамлекеттик жана муниципалитеттик өз алдынча башкарууга зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүү милдеттерин жүктөө.

7) Элдик медицина өкүлдөрүнун үзгүлтүксүз билим алуусун өркүндөтүү, алардын диагноз коюу, дарылоо жана дарылоонун пртоколдорун, процедуралары жана ыкмаларын (методдорун), табыбчылык сырларын (рецептерин) дарыларды даярдоонун усулдарын жана дары-дармек өндүрүүнүн технологияларын ж.б. ишкердүүлүгүнүн – илимий негизин иштеп чыгып, мыйзам талаасынын норматтивдик-техникалык актылары аркылуу тастыктоо.

8. берене. Элдик медицинанын өкүлдөрүн ишкердүүлүгүн лицензиялоо. Элдик медицинанын субъектилери – өз ишмердүулүгүн мамлекеттик каттодон өтүп, убактылуу руксат берүүчү чечим жана лицензия аркылуу жүргүзүлөт.

Элдик медицинанын өкүлдөрүнүн ишкердүүлүгүн лицензиялоо жана убактылуу руксат берүү чечим берүүдө, ушул мыйзамдын талаптарына ылайык иштелип чыккан жөнөкөйлөштүрүлгөн система аркылуу ишке ашырылат.

9-берене. Элдик медицинанын субъектилерине ыйгарым укук – же ишкердүүлүк кылууга убактылуу руксат берүү – чечими.

1. Элдик медицина субъектилеринин ишкердүүлүгүн финансылык муктаждыктарына азайтуу, өнүктүрү жана мыйзамдаштыруу максатында белгилүү бир убакытка белгиленген-убактылуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн “тар чөйрөдө” жана “аз санда” продукция чыгарууга руксат берүү жөнөкөйлөштүргөн системасы менен жүргүзүлөт.

2. Элдик медицина субъектилерине ишкердүүлүгүнө убактылуу руксат берүү чечими – мамлекеттик каттодон өткөн юридикалык документ болуп эсептелет.

3. Элдик медицина өкүлдөрүнө ишкердүүлүгүнө лицензия берүү чечими – мамлекеттик каттодон өткөн юридикалык документ болуп эсептелет.

 4. Ушул мыйзамдын негизинде элдик медицинанын субъектилерине ишкердүүлүгүнө руксат бериле турган юридикалык документ- чечим,  бериле турган критерийлери, анын ичинде убактысы, шарттары, зарыл болгон нормативдик-техникалык актылары ЭМУИИИ ички жоболору аркылуу аныкталат.

 III. ЭЛДИК МЕДИЦИНА ИШИН ЖӨНДӨӨНҮН ТАРТИБИ

10- берене. Элдик медицинаны башкаруучу, координациялоочу жана убактылуу руксат берүүчү чечимди жана лицензиялоочу орган.

Элдик медицинанын ишкердүүлүгүн тескөөчү, руксат берүүчү жана лицензиялоочу, башкаруучу, координациялоочу ага зарыл болгон укуктук-нормативдик документтерди иштеп чыгуучу жана бекитүүчү, мамлекет алдындагы жоопкерчилик тартуучу орган болуп Элдик медицинанын Улуттук илим-изилдөө институту (ЭМУИИИ) эсептелет. Кыскартып айтканда ЭМУИИИ.

11- берене. ЭМУИИИнин статусу жана укук ченемдери.

ЭМУИИИ– элдик медицинаны  өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыга турган, саясатын жүргүзүүчү, бириктирүүчү, башкаруучу, тескөөчү, мамлекеттик стандарттарттык жана метрологиялык ченемдерди иштеп чыгуу жана бекитүүчү, дары-дармектердин коопсуздугун (аз колөмдөгү) аныктоочу нормативдик-техникалык документтерди иштеп чыгуучу жана бекитүүчү улуттук статустагы -орган. ЭМУИИИ -укуктук ченемдери ушул мыйзам аркылуу аныкталат.

12-берене. ЭМУИИИ башкаруу структурасы.

ЭМУИИИ нун башкаруу органы болуп, анын Башкармалыгы эсептелет. Башкармалыктын курамы мамлекеттик органдардан, элдик медицинанын өкүлдөрүнөн, жогорку кеңештин өкүлүнөн куралат. Башкармалыктын курамы – ушул мыйзам аркылуу аныкталат. Башкармалыкты – башкарманын Төрагасы жетектейт. Ошондой эле ЭМУИИИ башкармасынын алдында Элдик медицинанын өкүлдөрүнү үзгүлтүксүз билим берүү структурасы, элдик медицинанын өкүлдөрүнү – аккредитациялоо комиссиясы, элдик медицина өкүлдөрүнүн илимий иштерин өркүндөтүүчү Окумуштуулар Кеңеши, элдик медицина субъектилеринин “тар чөйрөдө” медициналык кызматын жана “аз санда” продукциясын легалдаштыруунун нормативдик техникалык документерди иштеп чыгуучу сантиардык-техникалык кызматы.

13-берене. ЭМУИИИ ыйгарылуучу укуктар. 

ЭМУИИИ Башкармасынын компетенциясындагы укуктук ченемдер, анын мезгил-мезгил менен өтүп турчу чогулушунда карай турган маселер жана ал боюнча чечимдерди аркылуу аныкталат:

1) Элдик медицинанын субъектилерине аккредитациялоо жыйынтыгын бекитүүгө, кайра кайтарууга же жокко чыгаруу чечимин кабыл алат;

2) Ишкердүүлүк кылуусуна руксат берүүнүн убактылуу чечимин кабыл алуу жана лицензия берүү, ошондой эле иштөөгө руксат берүү чечимин жана лицензияны кайтарып алууну ишке ашырат;

3) дарылоо протоколдорун, жана табыбтардын дарылоо рецептерин жана процедураларын бекитет;

4) илимий изилдөө иштеринин корутундуларын кароо жана аны андан ары жылдыруу чечимдерин чыгарат;

5) клиникалык сыноолордун протоколун бекитүү, клиникалык сыноолорду жүргүзүү чечимин кабыл алуу, этикалык комиссияны түзүү, клиникалык апробацияга киргизет;

6) Элдик медицинанын субъектилерине үзгүлтүксүз билим берүүнүн программаларын түзөт;

 7) эл аралык кызматташуунун келишимдерин жүргүзөт;

8) жылдык бухгалтердик баланс жана инститтун финасылык чыгымдары жана кирешелери, келерки жылга бюджетин бекитүү

9) ЭМУИИИ өнүктүрүүнүн стратегиялык маселери карайт.

10) Улуттук институттун башкармалыгынын чогулушун башкарманын Төрагасы алып барат. Төрага жок болуп калган учурда, төраганын тапшыруусу боюнча, анын орун басарларынын бири алып барат.

 14- берене. ЭМУИИИ башкармасынын курамы жана чогулуш өткөрүү регламенти.

ЭМУИИИ башкармасынын 60% пайызы улуттук институттун кызматкерлери менен элдик медицинанын өкүлдөрүнөн куралат. Башкармалыктын мүчөлүгүнө башкарманын структурларынын 4 жетекчилери кирет, төраганын кеңешчилери, төрага сунуш кылган айрым адамдар, элдик медицинанын өкүлдөрүнөн 3 адам кирет. 30% пайызы Өкмөттүк структуралар менен Саламаттык сактоо министирлигинен жана Жогорку Кеңештен 1 депутатка орун берилет. Мындан сырткары каралып жаткан маселе боюнча чакырылгандар катышуучулар катышат. Башкармалыктын чогулушуну өткөрүү регламенти, чакырылгандар менен катышуучулардын 70% пайызыдан кем болбосо, чогулушту өткөрүүгө болот. Кабыл алынган чечимдердин юридикалык күчкө ээ болот. Чогулуштун Төрагасы 3 добушка ээ. Чогулушка коюлган маселер боюнча кабыл алынган чечим, чогулушка катышкандардын “макул”-деп добуш берүүсунүн 51% пайыздан ашкан учурда кабыл алынат.

15-берене. ЭМУИИИ башкармасы жана анын Төрагасы.

1. ЭМУИИИ Башкармалыгынын Төрагасы -уюмдун иштерин уюштуруучу, башкармалыктын чогулуштарында кабыл алган чечимдерди ишке ашыруучу, башкарып жетектөөчү жана уюмдун ишмердүүлүгүнө жоопкерчилик тартуучу кызмат.

2. ЭМУИИИ Төрагасы – уюмдун башкармалыгынын мүчөлөрүнүн чогулушунда жашыруун, түздөн-түз добуш берүү аркылуу шайлоо жолу аркылуу мөөнөтсүз 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Чогулуштун кабыл алган чечимине жана протоколуна, чогулуштун Төрагасы жана чогулуштун катчысынын колу коюлуп, Элдик медицинанын өкүлдөрүнүн съездинин бекитүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна жиберилет.

16-берене. Элдик медицинанын субъектилеринин улуттук курултайы (съезди).

Элдик медицинанын субъектилеринин улуттук курултайы ар бир 3 жылда өткөрүлөт. Айрым бир орчундуу маселер жаралганда (уюмдун тагдырына байланыштуу), ЭМУИИИ башкармасынын жыйынын чечими менен мезгилсиз чакырылып, күн тартиби алдын ала жарыяланат.

17-берене.  Элдик медицинанын субъектилеринин улуттук курултайы укуктук ченемдери.

1) Элдик медицинанын өкүлдөрүнүн улуттук съезди маселери, көйгөйлөрү жана стратегиялык өнүгүүсү пландары кароо.

2) ЭМУИИИ башкармасынын Торагасынын 3 жылдык ишинин отчетун угуп, аны бекитет.

3) ЭМУИИИ Төрагасынын түздөн-түз добуш берүү менен шайланган шайлоо жыйынтыгынын протоколун ачык добуш берүү жолу менен бекитет.

18-берене. Элдик медицина өкүлдөрүнүн курултайга делегаттарды шайлоо тартиби.

1) Элдик медицина өкүлдөрүнүн съездине ар бир дубандан (райондон) бирден жана шаарлардан 2 ден гана өкүл шайланат Ош жана Бишкек шаарынан сырткары. Дубандарда же райондордон курултайга өкүл болуп шайлана турган өкүлдөр, алдын ала райондук элдик медицинанын чогулушун өткөрүп, өкүл болуп шайлангандыгы жонүндөгү протоколду электрондук же башка байланыш каналдары аркылуу курултайга болоордон 2 жума мурда жөнөтүлөт.

2) Элдик медицина өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Бишкек жана Ош шаарларында отурукташкандыгына байланыштуу курултайга катышуучу өкүлдөрдүн саны Улуттук институттун башкармасынын чечимдери аркылуу аныкталат.

19. Берене. ЭМУИИИ структуралары жана укуктук ченемдери.

1. Элдик медицинанын өкүлдөрүнө үзгүлтүксүз билим берүү структурасы – өлкөнүн медициналык уюмдары жана чет өлкөлүк медициналык окуу жайлары менен биргеликте дайыма илимий медицинанын жана фармацевтиканын негиздерин, дарылоо тартиптерин, этикасын ж.б. маселер боюнча атайын иштелип чыккан программалар боюнча окуу курстарын жана практикалык иш чараларды өткөрүп туруучу структуралык башкарма.

2. Элдик медицинанын өкүлдөрүнө үзгүлтүксүз билим берүү структурасы- элдик медицинанын өкүлдөрүнүн атайын курстардан өткөндүгү жөнүндө диплом жана сертификат бергенге милдеттүү.

3. Элдик медицинанын өкүлдөрүнү ишкердүүлүгүн аккредитациядан өткөрүү структурасы башкармасы.

4. Элдик медицинанын өкүлдөрүнүн ишкердүүлүгүн камсыз кылуу максатында, мамлекеттик стандарттарды жана метрологиялык ченемдерди иштеп чыгуу демилгеси, санитардык - гигиеналардын нормаларды сунуштоо, техникалык коопсуздук эрежелирин, нормативдик-техникалык актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу структуралык башкармасы.

5. Элдик медицина өкүлдөрүнүн медициналык кызмат көрсөтүусүн жана иштеп чыккан “продукцияларын” муктаждыктарын жана керектөчүнүн ден соолугунун коопсуздугун эң башкы максат кылып, анын мыйзамдаштырууга жеткирүү максатында – окумуштуулар же илимий кеңеш түзүлөт.

20-берене. Аккредитациялонун укуктук жана техникалык ченемдери жана милдеттери.

1. Бейтаптардын ден соолугун жана анын коопсуздугун сактоонун, “тар чөйрөдө” медициналык кызмат көрсөтүүнүн жана “аз санда” продукция чыгаруунун сапатын жогорулатууну кызыкчылыгында элдик медицина өкүлдөрү-аккредитациядан өткөрүлөт.

 2. Элдик медицинанын субъектилеринин аккредитациялоонун критерийлери. Элдик медицина өкүлдүктөрүнүн ишкердүүлүктүн ар бир түрүн, эмне менен иштээри, жекече өзгөчөлүктөрү; билими, тубаса таланты жана жөндөмдүүлүгү, ишкердүүлүгүнүн профили, кесипкөйлүгү жана клиникалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалары, “продукция” жасоодо, транспортировкада, сактоодо зарыл болгон нормативдик-техникалык документтерге ылайык келүүсүн иликтөө.

3. Иликтөөөнүн жыйынтыгы оң натыйжа берген учурда элдик медицина өкүлдөрү - Аккредитациялык башкармалыктын структурасынан каттоодон өтөт. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө регистрациялык номер жана күбөлүк берилет.

4. Берилген каттоо номери жазылган күбөлүк – убактылуу ишкердик чечимин берүүдө жана лицензия алуудагы негизги юридикалык документ болуп эсептелет.

5. Элдик медицина өкүлдөрүнүн “тар чөйрөдө” медициналык кызмат көрсөтүүдө жана “аз санда” продукциясы аккредитациядан өткөндөрү ЭМУИИИ аккредитациялык башкармасы тарабынан каттоодон өтүп, бирдиктүү реестринде катталат.

21-берене. Элдик медицинанын Улуттук институтунун Окумуштуулар же Илимий кеңешинин укуктук ченемдери жана милдеттери.

1. ЭМУИИИ Окумуштуулар Кеңеши элдик медицина субъектилеринин дарылоо процедуралары,  табыбтык дарылоонун протоколдору жана алардын дары жасоо рецептеринин адамдын ден соолугуна коопсуздугун жана илимий негиздерин, клиникалык пайдалануунун аспектилерин, терапиялык жана фармакологиялык  эффективдүүлүгүн карайт.

 2. ЭМУИИИ Окумуштуулар кеңешинин элдик медицина субъектилеринин “тар чөйрөдө” медициналык кызмат көрсөтүүсүн жана “аз санда” продукция чыгаруусун мыйзам талаасына алып келүү максатында “тар чөйрөдө” кызмат көрсөтүү жана “аз санда продукция” чыгаруу системасынын негизинде жөнөкөйлөштүргөн  “медициналык кызмат” көрсөтүүнүн жана “аз санда” продукция  чыгаруунун “жөнөкөйлөштүргөн” жана “жеңилдетилген” токсикоздук аныктоо, клиникалык сыноолорго чейинки жана клиникалык сыноолорду өткөрүүчү медициналык, укуктук жана нормативдик-техникалык актыларын иштеп чыгып, Улуттук институтун башкармалыктын жыйынын жактырууусунун негизинде  бекитет.

3. ЭМУИИИ Окумуштуулар кеңешинин элдик медицина өкүлдөрүнүн “Тар чөйрөдө” медициналык кызмат көрсөтүүсүндөгү дарылоо процедураларын изилдөгө алып, изилдөөнүн негизинде документтерди даярдап, дарылоо процедурасынын протоколун иштеп чыгып, аны Улуттук институттун башкармалыгынын жыйынын жактыруусу менен бекитет.

4. ЭМУИИИ Окумуштуулар кеңеши элдик медицина өкүлдөрүнүн “тар чөйрөдө” медициналык кызмат көрсөтүүсүндө зарыл болгон табыбтын дарылоо ыкмасынын, процедураларынын жана схемасынын, дары жасоо рецептурасынын ж.б. иштерин ушул мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү менен дарылоо протоколунун; процедура жасоо протоколу, дарылоо ыкмаларынын протоколу, дарылоо схемаларынын жана табыбтык рецептеринин протоколу иштелип чыгып, аны Улуттук Институтунун башкармалыгынын жыйында каралып, аны жыйын жактырылгандан кийин бекитилет.

5. ЭМУИИИ Окумуштуулар кеңеши элдик медицина өкүлдөрүнүн инновациялык, баштапкы сырьесу натуралдык өсүмдүктөрдөн болгон “продукция” чыгарууда керектөөчүнүн же бейтаптын ден соолугун жана коопсуздугун этияттоо жана сактоо максатында медициналык талаптарын, анын ичинде баштапкы сырьенун стандарттары, “продукциянын” терапиялык, фармакологиялык ж.б. эффектилерин талдап аныктоодо “жөнөкөйлөштүрулгөн” жана “жеңилдетилген” токсикоздук касиетин аныктоо, клиникалык сыноолорго чейинки жана клиникалык сыноолорду өткөргөнгө укуктуу.

6. ЭМУИИИ элдик медицина өкүлдөрүнүн “тар чөйродө” медициналык кызмат көрсөтүүдөгү колдонуучу протоколдор жана “продукция” чыгаруудагы нормативдик-техникалык, медициналык анын ичинде токсикоздук касиеттерин аныктоодогу, клиникалык сыноолорго чейинки, клиникалык сыноолордун учурунда топтолгон документтердин түпкү нускалары каттодон өтүп, чексиз мөөнөттө архивде сакталуусуна тапшыруусу милдеттендирилет.

7. ЭМУИИИ элди ден соолугун жана өмүрүн сактоо максатында, коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында күтүлбөгөн, кокусунан чыгып калуучу, массалык эпидемиялык кырдаал жарата турган биологиялык согуш жүргүзүүнүн ар түрдүү вирустук, бактериялык, козу карындык мүнөздогү инфекциялык оорууларды алдын алуу, дарылоо жана калыбына келтирүүчү дарылоо курстарынын жүргүзүүнүн протоколдорун иштеп чыгат;

22-берене ЭМУИИИ Окумуштуулар кеңеши табыбчылыкты изилдөө милдети.

1. Көзү өтүп кеткен, учурда жашап жаткан элдик медицинадагы табыбтардын бейтаптарды дарылоо жана дары жасоо сырларын изилдейт жана алардын рецептерин, алардын (каза болгон табыбтардын же алардын туугандарынын каалоосу боюнча) элдик медицинаннын субъектилерине пайдаланууга берүүгө укуктуу же архивдик сактоого алат.

2. Рецептин сырын калтырган табыбтын керээзи жана каалоосу боюнча, эгерде белгилүү бир убакытка чейин – архивде сакталат. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин мамлекеттин же Улуттук институттун  муктаждыктарына жараша, рецепти Ата Мекендик элдик медицинанын өкүлдөрүнө аукциондун негизинде берилип, андан дайыма – Кыргыз Республикасыны мыйзамдарында каралган тартипте, ЭМУИИИ эсебине чексиз мөөнөткө акы алынып турат. Эгерде ЭМУИИИ башкармасы тарабынан элдик медицинанын субъектилеринин жалпысына бирдей шартта жана тартипте дарылоо протоколу катары кызмат кылат.

23-берене. Элдик медицина өкүлдөрүнүн медициналык кызматын жана “продукциясын” легалдаштыруунун нормативдик техникалык документерди иштеп чыгуучу-техникалык башкармасынын укуктук ченемдери жана милдеттери.

1. Элдик медицина өкүлдөрүнүн медициналык кызмат көрсөтүусүнүн “тар чөйрөдө” жана продукция чыгаруусунда “аз санда” продукция чыгарууда зарыл болгон “жөнөкөйлөштүрүүнүн” жана “жеңилдетүүнүн” системасына ылайык келген стандартташтыруунун жана техникалык шарттарын иштеп чыгуу – ЭМУИИИ техникалык кызмат башкармасына милдетендирилет.

2. ЭМУИИИ нин техникалык кызматы укуктук, нормативдик-техникалык документтерди, стандарттарды, метрологиялык ченемдерди иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк структуралары менен макулдашуу аркылуу иштеп чыгып, ЭМУИИИ нун башкармасынын чогулушунун добуш берүүсү аркылуу каралып, чогулуштун токтому менен бекитилет.

IV. Бөлүк. Элдик медицина субъектилеринин укук-милдеттери.

24-берене. Элдик медицина субъектери иштеп жаткан официалдуу медицина менен катар элдин ден соолугун жакшыртууда, сактоодо жана чыңдоодо   бирдей укукта жана жоопкерчиликте болуп, оорууну алдын алуу, дарылоодо, дарылануудан кийинки ден соолукту оңдоо, калыбына келтирүү жана чыңдоо тармактарында кызмат өтөйт.

25-берене. Элдик медицина өкүлдөрү оор дарттар менен жабыр тарткан бейтаптарды дарылоодогу милдеттери.

1. Элдик медицина субъектилери оор дарттан жабыр тарткан, стационардык дарылануудан өткөн бейтаптар; айрыкча онкологиялык, гематологиялык, гастроэнтерологиялык, ар түрдүү өнөкөт оорууларды ж.б. дарылоодо, аларга паллиативдик кызмат кылууда жана хоспись үйлөрүндө аларды кароодо жана багууда түздөн-түз жоопкерчилик тартат.

 2.  Элдик медицина өкүлдөрү- балдардын тубаса тукум кууган оорулары, медицинада диагноздору тактала элек (постковиддик синдром сыяктуу оорууларды), эмдөөнүн натыйжасында пайда болгон ар түрдүү оорууларды жана аутизмди дарылоону түздөн-түз мойнуна алат жана жоопкерчилик тартат.

 3. Элдик медицина өкүлдөрү – медицинада өнөкөт ооруулардан жабыр тарткандарды дарылоону колго алат.

 26-берене. ЭМУИИИ – ушул мыйзамдын 25-чи беренесини ишке ашырууда  медицинанын мүмкүнчүлүгү жетпеген; онкологиялык, гематологиялык, гастроэнтерологиялык, кардиологиялык, нефрологшиялык тубаса тукум куучу, аутизмдик ж.б. өнөкөттүк оорууларды илимий жактан изилдөө, дары-дармектерди жана дарылоо протоколдорун иштеп чыгуу  иштерин уюштурууну жана финансылоону мойнуна алат.

27-берене Элдик медицинанын эпидемиологиялык, чукул кырдаалдагы жана пандемия шарттындагы укуктары жана милдеттери.

1. Элдик медицина субъектилери – өзгөчө эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөндө жана пандемия учурунда элдин өмүрүн коргоодо алдыңкы сапта болууга милдеттендирилет.

2. Өзгөчө “чукул” кырдаалда – эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна карата, пандемиялык шартта бейтаптардын өмүрүнү сактап калуу максатында, бейтаптарды дарылоонун убактылуу протоколун иштеп чыгып, клиникалык апробацияга киргизгенге укуктуу.

3. Эпидемиялык кырдаалдын курчушуна карата,  шашылыш тартипте ЭМУИИИ Окумуштуулар кеңешинин структурасында каралып, талкуулоодон өткөн соң, протоколду башкармалыктын чогулушуна сунуш кылынат. Улуттук институттун  башкармасынын чогулушунда жактырылса, клиникалык сыноолорсуз убактылуу клиникалык апробацияга киргизүү чечими чыгат. Чечим чыккан күндөн баштап, юридикалык күчкө ээ болот.

28-берене. Элдик медицина өкүлдөрү – белгисиз да, белгилүү да (кутурма, сибирь жарасы, чума ж.б. ушул сыяктуу ооруулар) коомго коркунуч туудурган ооруулар менен жабыр тартуучу бейтаптарды дарылоодон тышкары иштейт. Кокус, бейтаптар арасында учураган учурда, тез аранын ичинде атайын адистештирилген клиникаларга жөнөтүлүп, саламаттык сактоо министирлигини кабардар кылат.

29-берене Элдик медицинанын субъектилеринин – “тар чөйрөдө” медициналык кызмат көрсөтүүнүн жана продукция чыгарууну “аз санда” ишкердүүлүгүнүн шарттары ЭМУИИИ башкармасы тарабынан иштелип чыгып, чогулуштун токтому аркылуу бекитилет.

30-берене. Элдик медицинанын өкүлдөрүнүн аккредитациядан өтүү менен катар, келип чыгышы натуралдык жана өсүмдүктөр болгон дары каражаттарын, нектарларын, суу жана спирттеги тундурмаларыны минималдуу токсикоздук мүнөзгө ээ болгондорун бейтаптарды дарылоо иштерине убактылуу белгилүү бир мөөнөткө медициналык кызмат көрсөтүүгө пайдаланууга руксат берилет.

31-берене. Элдик медицинанын элге кызмат көрсөтүүсүндөгү тыюу салынган медициналык кызматтары.

Элдик медицинанын өкулдөрүнө эвтанзия, жыныс органдарын трансформациялоо, жасалма уруктандыруу жана урук банкын сактоо, боюнда болтурбай коюу каражаттары жана дарылоо, коомдук бузукулукка алып келе турган, гормоналдык дары каражаттары аркылуу эркектердин эрекциясын күчөтө тургандарды, боюнан алдыруу жана аборт, гормоналдык жол менен арыктатуучу жана салмакты азайтуучу, онкологиялык оорууларга химиялык терапиялык дарылоо, нурга кактоо жана алардын химиялык дары каражаттары сыяктууларды “тар чөйрөдө” медициналык кызмат көрсөтүүгө жана “аз санда” продукция  чыгарууга тыюу салынат. 

32-берене. Элдик медицина өкүлдөрүнүн бейтапты кабыл алуу шарттары. Элдик медицина өкүлдөрү – бейтаптын диагнозун тамыр кармап, билгенден кийин, аны кандан, сийдиктен, калдан ж.б. тиешелүү анализдерден өткөрүп, ультра үн, томаграфиялык ж.б. каражаттар аркылуу аныктап, тактап, бейтапка же анын жакындарына ооруусун түшүндүрүп, кантип, эмне менен дарыланаарын айтып, дарылануунун натыйжасынын ыктымалдуулугун айтууга милдетүү. Өз ара макулдашкандан соң дарылоо курсу башталат. Бейтаптарга диагноз коюлбастан туруп, дарылоого кабыл алууга тыюу салынат.

33-берене. Элдик медицинанын субъектилеринин медициналык кызмат көрсөтүүдөгү чектелген укуктары.

Элдик медицина субъектилери убактылуу ишке жарамсыздык экспертизациясына, соттук-медициналык, аскердик-врачтык, медициналык-социальдык жана башка экспертизаларга катышуу укугуна ээ эмес.

34-берене. Элдик медицина өкүлдөрү абийирин сактоо укугу. Элдик медицина субъектиси же өкүлү – элдик медицинанын өкүлү деген эң жогорку наамды, өз   абийирин, намызын, кадыр-баркын жана өз ишкердүүлүк кадырын (репутация) мыйзам чегинде сактоого милдеттүү жана коргоого укуктуу. Эч кимге элдик медицина өкүлү -деген жогорку наамдын беделин кетирүүгө жол берилбейт. Кимде-ким бул наамдын кадыр-баркын кетирүүгө ар түрдүү массалык маалымат каражаттарынын жана башка жолдор аркылуу аракети бар болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопко тартылат. 

35-берене. Элдик медицина өкүлдөрү бейтаптын диагнозун, ооруусунун жана дарылоосунун сырларын сактоо милдеттери. Элдик медицина өкүлдөрү – бейтап өзүнүн диагнозун, дарылангандыгын жана ооруусунун сырларын коомчулуктан сактоону оозеки же жазуу түрүндө суранган болсо, анда ал сырларды сактоого – элдик медицинанын өкүлдөрүнү түздөн-түз милдеттенген болот. Эгерде бейтап диагнозун, оорууларын жана кантип дарыланганын сырларын, андан ары клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана дарыланууну көздөп, кайсы бир өзү ишенген жакындарына табыштаса (ишеним кат), ошол табыштаган кишиге берилет.

36-берене. Элдик медицина өкүлдөрүнүн бейтаптын диагнозун, ооруусунун жана дарылоосунун сырларын сактоо милдеттери бузуу учурлары.

а). Илимдин кызыкчылыгы үчүн илимий изилдөө иштерини жыйынтыктарын илимий макалалардын адабияттарында жарыялоодо (фамилия, аты жарыяланбайт),

 б) Эпидемиалык кырдаал жарата турган коркунучу бар инфекциялык ооруулар болгондо

 в) Укук коргоо жана күч структуралары, адвокаттар талап кылган учурларда.

V. ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАГЫ БЕЙТАПТАРДЫН УКУКТАРЫ

37-берене. Элдик медицинанын субъектилериндеги “тар чөйрөдө” медициналык кызматын пайдаланып жаткан бейтаптардын укуктары.

1) Элдик медицина өкүлдөрүнүн медициналык кызматын пайдаланып жаткан бейтап же алардын ата-эне, бир-туугандары жана жакындары табыбтын койгон диагнозун, эмне ооруу менен жабыр тартып жатканын, ооруунун кесепети эмне алып бараарын жана тапшырылган анализдердин, изилдөөлөрдүн жыйынтыгын билүүгө жана ишеним арткан элдик медицинанын өкүлдөрүнөн же официалдуу медицинадан дарыланууну тандоо укугуна ээ.

 2) Элдик медицина субъектилери – бейтаптын оозеки же жазуу түрүндө жеке суранган учурунда, анын диагнозу, алынган анализдин жыйынтыктары ж.б. документтер, эмне ооруулар менен ооруп жаткандыгы жөнүндө маалыматты туугандарына жана жакындарына кабарланбайт жана берилбейт.

3) Элдик медицина субъектилери – бейтаптын диагнозун коюуда жана дарылануусунун маселерин чечүүдө – машбара (консилиум) өткөрүүгө, ага бейтапты же бейтаптын жакындарын катыштырууга милдетүү.

 4) Элдик медицина субъектилери – мамлекеттик милдетүү медициналык камсыздандыруу кызматынын колдоосун пайдаланса, мамлекеттик акысыз же жеңилдетилген баадагы дары-дармектер камсыз программаларга катышуусу болуп, жана башка кызматтарын пайдаланган учурда, бейтаптар мыйзам жана нормативдик актылар талап кылгандай кылып акысыз  дарыланууга укуктуу.

 5) Элдик медицина субъектилери – бейтаптарга мээримдүү, ырайымдуу жана боорукердик менен мамиле жасоого милдетүү.

38-берене. Элдик медицина өкүлдөрү – бейтаптардын укуктарын урматтого милдеттүү.

1.  Элдик медицина өкүлдөрү – бейтаптын ага дарыланууга каалоосу жок болсо, аны дарылоого кабыл алууга тыюу салынат.

2. Элдик медицина өкүлдөрү – бейтапты кызыктырган суроолорго жооп берүүгө, анын ичинде персоналдардын билими, тажрыйбасы, дарылоо процедуралары, пайдалана турган дары-дармектердин таасири жана фармакологиялык, терапиялык эффектери ж.б. милдеттүү.

3. Элдик медицина өкүлдөрү – бейтаптардын диагнозун тактап, аныктамайынча дарылоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

4. Элдик медицина өкүлдөрү – бейтаптарды дарылоодо зарыл болгон шарттарды түзүүгө милдеттүү.

39-берене. Элдик медицина субъектилеринин этикалык нормалары.

1. Элдик медицина өкүлдөрүнүн этикалык нормасы ыйык китеп “Куран” аяттар, пайгамбарыбыз Мухаммед с.а.в. хадистерине амал кылат, анын ичинде; “Дарттын берүүчү да, шифаны берүүчү да-Аллах”, пенде себебкер ж.б.

2. Элдик медицина субъектилери ишкердүүлүгүндө – 1946 жылы кабыл алынган медицинанын негизги этикасын негизин түзгөн Ньюренберг актысы, 1975 жана 1985 жылкы жана андан кийинки медициналык этиканын Хельсинки корутунду актылары, Кыргыз Республикасында кабыл алынган мыйзамдарды жетекчиликке алууга милдеттүү.

3. Элдик медицина субъектилеринин медициналык кызмат көрсөтүусү коомчулук жана бейтаптар үчүн ачык болуусу милдеттендирилет. Бейтаптарга кандайдыр-бир заалымдык көрсөтүүгө, тууган-уругунан жана жакындарынан жашырып дарылоого жол берилбейт.

4. Элдик медицина субъектилери – бейтаптарды ооруудан айыктырууда – гарантияланган убадаларды берүүсүнө, тууган-уругунан жана жакындарынан жашыруун дарылоосуна жана алдоого тыюу салынат.

VI. ЭЛДИК МЕДИЦИНАНЫН ФИНАНСЫЛЫК БУЛАКТАРЫ.

40-берене Элдик медицина өкүлдөрүнүн финансылык булактарына төмөнкүлөр кирет.

1) ЭМУИИИ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өз алдынча капитал топтоого, аны банктык депозиттерге кармоого жана инвестиция жасоого, улуттук инситуттун илимий кызыкчылыгына жумшоого укуктуу.

2) ЭМУИИИ кызмат көрсөтүусүн чарбалык эсепке, акы алуу менен жүргүзүлүп, кызмат көрсөтүүнүн баалары мамлекеттик мыйзамдар чегинде жана келишимдик макулдашуулар менен аныкталат.

3) Чет өлкөдөн инвестициялык долбоорлор жана техникалык жардамдар, кайтарымсыз гранттар алынуусу мүмкүн;

 4) Кыргызстан атуулдары, физикалык жана юридикалык жактары соопчулук катары берген акча, мүлк каражаттары ж.б. мамлекеттик мыйзам жол берген булактары.

VII. ЭЛДИК МЕДИЦИНА СУБЪЕКТИЛЕРИНИН КЕСИПТИК АНТЫ.

41-берене. Элдик медицина өкүлдөрүнүн анты

 Элдик медицина өкүлдөрү ЭМУИИИ нин аккредитациядан өтүп, адистиги боюнча медициналык кызмат кылууга убактылуу – руксат же лицензия колуна алып, Башкармалыктын чогулушунда, салтанаттуу аземде ант ичет.

 Антын тексти: Мен фамилиясы жана аты Улуттук институттун чогулушунда элдик медицинанын өкүлдөрүнүн катары кошулуп жатып, институттун башкармалыгынын алдында чын дилимен жана жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыккан, өзүм амал кылууга убада кылуу менен ант беремин. Мен өз ыйманымдын жана абийиримдин, коомдун, эл-журттун жана жараткан Аллахтын алдында элдик медицинанын өкүлдөрү деген ардактуу наамды таза сактап, ар дайым, ар кайсы учурда, эч бир шылтоосуз жардамга муктаж болгон -бейтапка ар тараптан жардам берип, аны кароосуз калтырбаймын. Мен ар бир бейтаптын ден соолугун оңдоо жана өмүрүнү сактоо үчүн талыкпастан мээнет кыламын. Жараткан Аллахтын ыраазылыгы үчүн бейтап менен душманым болсо да медициналык жардам берүүгө милдетим деп эсептеймин. Дайыма, тынымсыз медицинадан билимим өркүндөтүп турууга милдеттүүмүн.

      Элдик медицинанын өкүлдөрү – салтанаттуу ант берүүсүнөн кийин Улуттук институттун төрагасы – элдик медицинанын өкүлү деп наамдын документин ыйгарат.

    Кыргыз Республкасынын Президенти                      Садыр Жапаров

Мы в социальных сетях


Подписаться на обновления: новинки, акции


Способы оплаты