Аялдардын жатын моюнчасынын жана урук безинин рагы!!
Аялдардын жатын моюнчасынын жана урук безинин рагы!!
Урматтуу Мекендештер!!! Бизге жардам сурап келгендердин көпчүлүгүн аялдардын жатын моюнчасы жана урук безинин жабыр тарткандар түзөт. Менин бул постту жазып жатканымдын максаты жараткан Аллахтын ыраазылыгы үчүн акыйкаттыктын жолунда эл-журтту медициналык билимин жогорулатууну максаты кылдык. Анда, бул ооруу эмнеге алып бараарын, аны онкология кантип дарылаарын клиникалык практиканын негизинде айтып берейин. Аялдардын жатын моюнчасынын рагыны эл аралык (ТНК) классификациясы боюнча 22 түрү бар. Жатын моюнчасынын рагы аввалан бар жыныс органын сыртын каптап турган эпителийнде пайда болот. Пайда болгон рак акырындап отуруп эпителийди ар бир катмарына өзүнө тартып отуруп, жараны пайда кылат. Жара пайда кылганда бейтап оорууну сезип, кээде “выделение” жагымсыз жыт, кээде кан чыгуусу ж.б. аркылуу сезип калып, гинекологко кайрылат. Гинеколог шейканы ачып көргөндө, көзгө пайда болгон жара таамай көрүнөт, андан ошол замат биопсия алып, гистологиялык анализге жиберет. Сыртынан УЗИден караганда да рак байкалат. Бул учурда рак инвазияга учурап, эпителийден булчуң эттерге да өткөн болот. Гистологиялык анализ рактын түрүн чыгарып бергенден кийин, гинекологдор жаранын көлөмүн азайтуу үчүн химиотерапия ал, азайгандан кийин операция кылып, жатын моюнчасын урук бези менен кошо алып салабыз деген сунуш кылышат. Операцияга учураган бейтапты онкогинекологдор калган жагыңда рак бар, ошону да жоготуу үчүн андан ары химия терапия алып, ошол эле учурда лучевой терапиядан да өткүн деп, дарылоо курсун белгилешет. Бейтаптын тагдыры трагедияга такалып, башына түшкөн балээ ушул учурдан башталат. Туз эле айтайын: дарылоо курсун белгилеп жаткан онкогинеколог, онко химиотерапевт, лучевой терапияны белгилеген врачтрадын баары ачык-айкын билет: дарылоо курсун алып жаткан бейтап 3 жылдын ичинде курсактын май ткандары лучка күйүп калып, сийдик каналы кысылып, бөйрөк чыгарган сийдикти өткорбөй коюп, бейтаптын бөйрөгүнө нефростома (бөйрөктүн лоханкасына дренаж коюлуп, ошол дренаж аркылуу сийдик чыгат) орнотулаарын, арткы омуртканын булчуң эти күйүп калып, омуртка сөөгүндө некроз пайда болуп, ал тынымсыз чыңыртып оорутаарын, жоон ичегенин нисходящий, сигмоидный бөлүктөрү күйүп калып, бейтап ичи катып, заңы чыкпай азап тартаарын, влагалищанын ичине киргизилип берилген укладкалык лучтан табарсыгы тешилип, алдынан чыгып калаарын, ылдыйдан түз ичегеси жарылып, заңы алдынан чыгып калаарын бирөөлөрдөн укпай, өз көздөрү менен көрүп жүрүшөт. Мен ушул трактовка менен врачтарды ур-токмокко алууну уюштуруп жатканым жок. Эң негизги күнөө врачтарда эмес, тыйындын 2 тарабы болот дегендей эле, пациентин өзүндө жана тууган-уруктарында. Эмне үчүн айтып жатамын? Бейтап же анын тууган-уруктары онкологдор дарылоо курсун белгилеп жатканда элементарный суроолорду берүүгө акылы жетпейт. Ал эмне суроолор: айтыңызчы, мендеги рак менен кайсы органымда, канчалык өскөн, канчалык коркунучу бар? Аны кантип аныктап, тактап бере аласыз? Химия терапиясыз дарылоонун жолу барбы? Дегинкиси, мен кабылган ооруунун дарылоонун жолу барбы? Мен ала турган химия терапия ден соолугума эмне пайда, эмне зыян алып келет? Сиздер кандай анализдер менен ракты азайтканын же токтотконун аныктайсыңар? Мен ала турган химия терапиянын зыянын кесепетин кантип кетиремин ж.б. Лучевой терапия берип жаткан врачтан эч кимиси төмөнкүдөй суроолорду бербейт: алган лучевой терапия ракты жогото алабы? Анын кандай зыяндары бар? Лучевой терапиянын зыянынан бөйрөгүм чыгарган сийдикти сийдик канал өткөрбөй калса, анда аны кантип дарылайсың? Укладканын кесепетинен табарсыгым тешилип, түз ичегим жарылып, заңым алдынан чыгып калса, сен жооп бересиңби? Баарынан кейиштүүсү бейтаптар дарылоо курсун алып бүтүп, анын азабын тарта баштаганда гана ойлоно баштайт. Мына ушул учурду бир сөз менен айтканда: “Көсөнүн акылы, түштөн кийин кирет” -деп айтсаң ылайык келет.
Онкологиянын аялардын урук безинин (рак яичница) рагына коюлган диагнозу туурабы?
Биз клиникалык практикабызда аялардын урук безинин (рак яичница) рагына чалдыккандарды влагалища аркылуу дарылап жүрүп, андан айыккандар болду. Айыккандарга караганда, каза болгондор арбын болду. Ошондуктан аялдардын жатын рагына диагноз коюуну кайра карап, анын патологиясын терең изилдөө жүргүзүүгө мажбур болдук. Анын жыйынтыгы кандай болгонун илимий медицинанын тилинен четтеп, жөнөкөй сөздөр аркылуу айтып берейин.
Аввалан бар энелик уруг безинин рагынын диагнозу жана дарылоосу онкологияда кандайча жүргүзүлөөрүн айтайын. Аялдардын энелик уруг безинин диагнозу көпчүлүк учурда УЗИ, КТ жана МРТ аркылуу диагноз коюлуп, хирургиялык операция аркылуу биопсия алынып, андан гистологиялык анализ чыгарылат. Гистологиялык анализдин жыйынтыгына карата дарылоо журүзүлөт. Кабарыңыздар бардыр, онкологияда энелик уруг безини дарылоонун 2 багыты бар: хирургиялык операция кылып, энелик уруг безин матканын придаткалары менен кошо алып таштоо, андан кийин химия терапия жана лучевой терапия. 2-чи жолу болуп хирургиялык операциясыз химия терапия берүү. Онкологиянын эки багыттагы дарылоосу тең – пациенти өлтүрүү менен бүтөт. Араңардан кимдир бирөөңөр тирүү калсаңар, же тирүү жүргөнүн көрсөңөр кол көтөрүп – МЕН ТИРҮҮМҮН же тигил ТИРҮҮ жүрөт деп айткыла!!!
Жараткан Аллахыма мактоолор болсун!!! Биздин изилдөөлөрүбуз жыйынтыгы көрсөткөндөй, көрсө онкология илиминде аялдардын уруктук безинин рагына коюлуп жаткан диагноз туура эмес болуп чыкты. Алдын ала айтамын, энелик безден хирургиялык жол менен биопсия алынып, анын гистологиялык анализинин жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө маселе көтөргөнүм жок. Айта турган логика, бейтап учураган энелик безинин рагынын этиологиясы, патогенези жана анын андан ары ырбап, татаалдануусу күчөп жатып, кандайча бейтаптын каза болуусуна алып барганын изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө жүрүп жатат. Эми Сиздерге сөздү кыскартып айтайын. Энелик безинин рагына учураган бейтапты онкология – рак яичница деген диагноз коюлса, анда коюлган рак метастазалык рак болуп эсептелет. Тактап айтканда эң негизги рак – энелик безде эмес, жоон ичегеде болот. Энелик бездеги рак – ал жоон ичегиден өтүп, ал жерде локализация болгон болот. Жоон ичегидеги рак бир эле мезгилде боордо, кээ бир учурда уйку безинде метастаза берип жаткан болот, табарсыкта жана чоң сальникте, курсак көңдөйүндөгү май ткандарында атрофияга учуратып, канцерометозду пайда кылып жаткан болот. Көпчүлүк учурда бөйрөккө көбүрөөк берип, энелик бездин рагы менен жабыркагандарда асцит пайда кылат.
Оо, эл-журт!!! Баарынарда жаратканым берген акыл-эс бар, эч ким кемтик эмес. Акыл калчап көргүлө!!! Онкология аялдардын энелик безинин рагынын диагнозун туура эмес коюп жатса, патологияны түшүнө албай жатса, анан кантип дарылайт? Оо, эл-журт!!! Кантип мээңер жетпейт. Рак яичница билингенде 4 стадиядагы метастазалык рак болуп жатса, жок эле дегенде 1-чи стадиядагы ракты дарылоонун жолу онкологияда барбы – деп суроо узатып көргүлө, эгерде бар десе дарылап, өмүрүңөрдү сактап калсын. Оо эл-журт!! Сөздү туз эле айтканда, энелик рагынын дарылоонун методу онкологияда жок. Мына ушул жетишпестикти эч ким билбейт. Онкологдор дарылоонун жолу жок экенин, бейтапка берип жаткан химия терапия жана лучевой терапиясы убакыттын өтүүсү менен каза кылаарын ар бир врач билет. Билип алгыла!!! Врачтарын мээсине шайтан отурукташып, акыл-эсин ээлеп алган, өзүнө тартып, текебердик пайда кылып койгон. Алар болуп жаткан кемчиликти эл-журтка ачык айткандан намызданышат. Анын себеби, алар өздөрүнүн кадыр-баркын кетирүүдөн коркушат, күнүгө таап жаткан кирешеден куру калгысы келбейт. Бул ньюансты бейтаптар жана анын тууган-уруктары жана жакындары аңдашпайт.
Сөзүмүн акырында, онкологиянын аялдардын энелик рагына коюлган диагнозу жана дарылоо туура эмес экенине айтканыма шектенсе, илимий негизде жана клиникалык далилдер менен далилдеп берүүгө даярмын. Текстти илимий тилде жазсаң окурмандар түшүнбөйт экен. Ошондуктан илимий жагын жазганым жок.
Сиздерди урматтоо менен табыб Хашим Зайналиев
Бишкек шаары, Новостройка Кок-Жар, Босого көч. 84
28 -июнь. 2022 жыл